Ссылки доступа

БУУ: Ооганстанда алты айдын ичинде миңден ашык жай тургун каза болду


Быйыл алты айдын ичинде Ооганстанда 1 300дөн ашык жай тургун каза болуп, 2 466сы жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу 30-июлда жарыяланган БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын (UNAMA) баяндамасында жазылган.

Мындай маалыматтар АКШ Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу аракетин көрүп, «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткан маалда жарыяланууда. Вашингтон 1-сентябрга карата талибандар менен тынчтык келишимине жетишүүнү пландап жатат. Сентябрдын аягында Ооганстанда президенттик шайлоо өтөт.

Акыркы маалыматтарга караганда, Ооганстандын 40% кем эмес аймагын «Талибан» кыймылы көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG