Ссылки доступа

Булак: «Өзбекстан аба жолдору» карыздарынан кутулуу үчүн сегиз учагын сатат


«Өзбекстан аба жолдору» өсүп жаткан карыздарынан кутулуу максатында сегиз учагын сатууга даярданып жатат. Бул тууралуу авиакомпаниядагы өз булактар кабарлашты.

Алардын айтымында, кийинки айда 250 миллион долларга сатылып алынган Boeing 787-8 Dreamliners үлгүсүндөгү эки учак сатыкка коюлат.

«Өзбекстандын улуттук авиакомпаниясы мындай чечимди өкмөт менен биргеликте кабыл алды. Сатууга даярдалып жаткан учактардын тизмесинде экиден Boeing 767, Boeing 757 жана Boeing 767 учактары дагы бар», - деди булак.

Авиациялык эксперттердин пикиринде, бул чечим авиакомпания жетекчилиги менен өкмөт жүргүнчүлөрдү ташуу аркылуу насыялардан кутулууга мүмкүн эмес экенин түшүнгөнүнөн кабар берет.

«Учурда каттамдардагы орундардын 84% сатылууда. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп эсептелет. Бирок буга карабастан компания насыяларынан кутула албай келет», — деди эксперт.

Мурдараак «Өзбекстан аба жолдору» 250 миллион долларга сатып алган Boeing 787-8 Dreamliner үлгүсүндөгү эки учак жарактан чыкканы кабарланган.

«Өзбекстан аба жолдору» өлкөдө монополиялык компания экенине карабастан, анын каржы абалы коомчулукка белгисиз. Анда иштеген булактардын айтымында, компаниянын жылдык кирешеси 800 миллион долларга жетет.

Ачык булактарда «Өзбекстан аба жолдорунун» жалпы карызы тууралуу расмий маалыматтар жок. Эксперттердин баамында, авиакомпаниянын карызы 2 миллиард доллардан 3 миллиард долларга чейинки сумманы түзүшү мүмкүн.

Flightradar24 веб-сервисинин маалыматына караганда, учурда «Өзбекстан аба жолдорунун» 37 учагы бар.

XS
SM
MD
LG