Ссылки доступа

Азимкан Жусубалиев 14 жылга эркинен ажыратылды


Бишкектин Биринчи Май райондук соту транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди 14 жылга эркинен ажыратты.

Ал эми пара алууга ортомчулук кылган деп айыпталып жаткан Болот Токтобаев алты жылга эркинен ажыратылса, Бехруз Гулрузовго 2 миллион сом айып салынып, сот залынан бошотулду.

Жусубалиевдин жактоочусу Жыргалбек Бабаев райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрыларын айтты.

Бүгүнкү соттук териштирүүдө Азимкан Жусубалиев, аны менен бирге айыпталган Болот Токтобаев жана Бехруз Гулрузов акыркы сөзүн сүйлөштү.

Жусубалиев кызматта турганда жолдорду куруу боюнча өлкөдө 13 ири долбоор ишке ашып жатканын, бирөөндө да эч кандай кызыкчылыктарга жол берилбегенин айтып, соттон аны актоону өтүнгөн. Ишти Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков карады.

Ири пара боюнча тергөө марттын аягында аяктап, прокуратурага өткөрүлүп берилген. Тергөө бул иш боюнча үч кишини - Азимкан Жусубалиевди, Бехруз Гулрузовду (Италиянын "Todini" компаниясынын Алматы шаарындагы филалынын коммерциялык директору) жана Болотбек Токтобаевди (ортомчу) айыптоодо.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Азимкан Жусубалиев өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары 120 миң доллар алган деп айыпталууда. Ал былтыр декабрда 50 миң доллар пара алды деп кармалган. Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган.

XS
SM
MD
LG