Ссылки доступа

«Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы аңдууга алынганын билдирди


30-июлда өзүн облустук акимчиликтин кызматкеримин деп тааныштырган белгисиз аял «Азаттык» радиосунун казак кызматынын Караганда облусундагы кабарчысы Елена Вебердин үйүнө кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу журналист өзү билдирди.

Вебердин айтымында, өзүн Жылдуз Жубасбаева деп тааныштырган аял анын жеке өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу суроолорду берген. Бирок журналист бул суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан.

Кийинчерээк кабарчы ал аялды үйүнүн жанынан дагы эки жолу көргөн. Вебер телефонундагы камерасын иштетип, бул жерде эмне кылып жүргөнүн сураганда, аял жооп берүүдөн баш тартып, жүзүн жашырып качып кеткен. Журналисттин айтымында, коңшулары дагы ал анын үй-бүлөсү тууралуу сураганын билдиришкен.

Вебер бул окуя боюнча облустук акимчиликке кайрылып, «жарандардын жеке маалыматтарын чогултуу үчүн кызматкериңерди жөнөттүңөр беле?» жана «силерде Жулдыз Жубасбаева атуу аял иштейби?» деген суроолорду берген. Акимчиликтен журналисттин эки суроосуна тең жок деп жооп беришкен.

Елена Вебер бул окуяны өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгү менен байланыштырып, буга чейин да белгисиз адамдар түрдүү шылтоолорду айтып, анын үйүнө кирүүгө аракет кылганын билдирди.

Былтыр жайында белгисиз адамдар журналисттин үйүнө коркутуулар жазылган кат таштап кетишкен. Мындан тышкары мессенджер аркылуу уулу барган бала бакчанын жана күйөөсүнүн сүрөттөрүн жөнөтүшкөн. Бул сүрөттөр жөнөтүлгөн номур дароо өчүк болуп калган.

Анда «Азаттыктын» кабарчысы жергиликтүү полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, «Коркутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бирок журналист андан бери тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат ала элек.

XS
SM
MD
LG