Ссылки доступа

Маданият ишмерлери Бухаранын тарыхый эстелигинин жанына кафе курууга каршы болууда


Өзбекстандын Бухара шаарында жеке ишкерге XVI кылымда тургузулган Надир Диван-Беги медресесинин жанына кафе курууга уруксат берилгендиги жергиликтүү маданият ишмерлери жана блогерлер тарабынан кескин сынга алынууда.

Шаар акимчилигинин өкүлү кафе курула турган жер тилкеси ишкер Саиджон Максудовго 2018-жылы августта мыйзамдуу негизде берилгенин билдирди.

– Бул көчөдө Максудовдун атасынын үйү бар болчу, кийин ал мамлекеттин керектөөсүнө деп алынган. Анын ордуна ага 120 чарчы метрлик жер тилкеси берилген. Ал жерге көп кабаттуу үй курууга болбойт. Ишкерге тарыхый жана маданий объектилерге зыян келтирбеши керектиги түшүндүрүлдү, – деди акимчилик өкүлү.

Жергиликтүү блогер Умид Гафуров медресенин жанындагы сейил багы шаардык пейжаздын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелерин билдирүүдө. Анын айтымында, андагы бактардын кыйылып, ордуна «шектуү кафенин» курулушу тарыхый объектиге зыянын тийгизет.

Бирок Саиджон Максудов шаардын тарыхый бөлүгүндө жеңил конструкциядагы объект тургузулуп, ал байыркы эстеликтен жети метр алыстыкта жайгашып, андагы бактар кыйылбай турганын билдирүүдө.

Бухара облустук маданият башкармалыгынан билдиришкендей, 15 жыл мурда азыр кафе куруу пландалып жаткан жерде башка коомдук тамактануу жайы болгон.

– Анда совет мезгилинде курулган кафе бар болчу. Ал 15 жыл мурда бузулуп, сквер ачылган. Кезинде Гүлнара Каримованын ал жерге көп кабаттуу мейманкана кургусу келген. Бирок анын чатырынан президентке кол салуу болушу мүмкүн деп уруксат берилген эмес. ЮНЕСКО бул жерге бийиктиги эки кабаттан ашпаган имараттын тургузулушуна каршы эмес», — деди маданият башкармалыгынын өкүлү.

2018-жылы Өзбекстандын Маданият министрлиги өлкө боюнча жалпысынан 259 маданий мурас объектилерине зыян келтирилгенин билдирген. Алардын көбү өтө жакын жерге имараттардын курулганынан улам зыян тарткан.

Надир Диван-Беги медресеси 1993-жылы Бухарадагы Ляби-Хауз архитектуралык ансамблинин ажырагыс бөлүгү катары ЮНЕСКОнүн дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Медресе өзү 1622-жылы Имамкули хандын вазири эсептелген Надир Диван-Беги тарабынан курулган.

XS
SM
MD
LG