Ссылки доступа

Трамп Навальныйдын ыктымал ууландырылышын текшерүүнү убадалады


Алексей Навальный
Алексей Навальный

АКШнын президенти Дональд Трамп орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын атайын кармоо жайында ыктымал ууландырылганы тууралуу укканын билдирип, бул маалыматты текшерүүнү убадалады.

Бул тууралуу ABC News басылмасы билдирип, «Твиттердеги» баракчасына президент менен болгон маектин үзүндүсүн жарыялады.

Навальный 28-июль күнү эртең менен бети шишип, териси кызарып чыккандыктан, атайын кармоо жайынан ооруканага жеткирилген. Анын дарыгери Анастасия Васильева атайын кармоо жайында аллергиялык реакция жараткан «химиялык зат» болушу мүмкүн деп эсептөөдө.

Навальный буга чейин бир дагы жолу аллергияга кабылбаганын билдирүүдө. Саясатчы аны атайын кармоо жайында полиция кызматкерлери ууландырган деп эсептебейт, бирок камерага кирүүгө мүмкүндүк алган башка адамдар ууландырган болушу мүмкүндүгүн четке какпайт.

Оппозициячы №1 атайын кармоо жайында 30 күндүк административдик жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Ал 24-июлда «митинг өткөрүүнүн тартибин бузду» деген айып менен камакка алынган. Анын алдында саясатчы тарапкерлерин 27-июлда Москва шаардык кеңешине шайлоого катышпай калган талапкерлерди колдогон акцияга чыгууга чакырган.

Навальный ооруканадан чыгарылгандан кийин кайрадан атайын кармоо жайына кайтарылган. Анда анын дарыгери саясатчы дарылануусун ооруканада улантышы керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG