Анын айтымында, учурда аймакта пахтаны чеканкалоо — сабактарынын башын үзүү өнөктүгү башталды. Бул өсүмдүктүн бийиктеп өсүүсүн токтотуп, мөмө байлашын тездетет.
«Бул өнөктүк үчүн мамлекеттик мекемелерде иштеген ар бир кызматкерден 20 манаттан акча чогултулуп жатат. Мындан тышкары пахта сабактарынын баштарын үзүү мезгили аяктаганга чейин ар бир мекеме кезек менен 5-6дан кызматкерин талаага жиберип турууга милдеттендирилди», — деп билдирди кабарчы.
Түркмөнстанда айдоо жерлер мамлекеттин менчигинде. Быйыл өлкө бийлиги 550 миң гектар жерден 1 миллион 50 миң тонна пахта жыйноо пландалып жатканын билдирген.
Эл аралык уюмдар пахта терүү маалында балдардын эмгегин пайдалангандыгы жана адамдарды мажбурлап иштеткендиги үчүн түркмөн бийлигин байма-бай сындап келишет.