Ссылки доступа

Согди облусунун башчысы: кыргыз-тажик достугу деструктивдик күчтөргө жакпай жатат


Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода өлкө бир карыш жерин дагы эч кимге бербей турганын билдирди.

«Биз тажик жана кыргыз элинин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө ниеттенип жатабыз. Бирок бул айрым деструктивдүү күчтөргө жакпай жатат», — деди Ахмадзода эки өлкө чек арасындагы акыркы окуялар тууралуу пикирин билдирип жатып.

22-23-июль күндөрү Ворух-Аксай чек ара аймагында чыр чыккан. Ага тажик жарандарынын талаштуу деп эсептелген жерге өз өлкөсүнүн желегин илгендиги себеп болгон. Анда Тажикстандын бир жараны каза болуп, эки тараптан ондогон адамдар жаракат алган. 26-июлда эки өлкөнүн мамлекет башчылары Исфарада, андан соң Чолпон-Ата шаарында жолугуп, чек араны демаркациялоо маселесин талкуулашкан.

«Мамлекет башчыбыз биздин максат – ынтымакта болуу экенин айтты. Ошол эле маалда биз Тажикстанга таандык болгон ар бир карыш жерди коргойбуз. Бирок эки элдин ортосундагы ынтымакты бузгусу келген айрым деструктивдүү күчтөр бар», - деди облус башчысы. Ал ошондой эле эки өлкөнүн бийлиги аймактагы достук мамилелерди бекемдөө боюнча иш-чараларды макулдашып, анын алкагында Исфаранын 20 тургунун Ысык-Көлгө, ал эми 20 кыргыз окуучусун Согди облусунун аймагындагы «Шохин» лагерине эс алууга жөнөтүү чечими кабыл алынганын кошумчалады.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 976 чакырымды түзсө, бүгүнкү күнгө карата анын 504 гана чакырымы делимитация жана демаркация болгон. Кыргызстандын аймагында эки тажик жана төрт өзбек анклавы жайгашкан. Аларда тургундар арасында жерге, сууга, ошондой эле чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан улуттар аралык жаңжалдар чыгып келет.

XS
SM
MD
LG