Ссылки доступа

Нидерландда жүздү жапкан кийим кийүүгө тыюу салынды


Нидерландда 1-августтан тарта коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде жүздү жапкан кийимдерге, анын ичинде паранжы жана никабга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди.

Маалыматка караганда, мектептерде, ооруканада жана коомдук транспортто паранжы менен никабдан тышкары түрдүү беткаптарды жана велосипед тебүүдөгү коопсуздук баш кийимдерин кийип жүрүүгө болбойт.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги полиция менен муниципалдык бийлик өкүлдөрүн бул тыюунун аткарылышын көзөмөлдөөгө чакырды. Бирок айрым полиция кызматкерлери менен медициналык мекемелер мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө шашылбай тургандыктарын ачык айтып чыгышты.

Мыйзамга ылайык, мисалы коопсуздук кызматкерлери никаб кийген аялды көрсө, андан бул баш кийимди чечүүсүн талап кылышы керек. Эгер аял талапты аткаруудан баш тартса, анда анын имаратка кирүүсүнө тыюу салынып, 150 евро өлчөмүндө айыппул салынышы мүмкүн.

Нидерланд жашоочуларынын 5% жакынын мусулмандар түзүшөт. Алардын көбү Түркия, Суринам, Индонезия жана Марокко өлкөлөрүнөн баргандар. Бирок ислам динин туткан аялдардын көбү паранжы жана никабды сейрек кийишет.

Буга чейин Европанын Австрия, Бельгия, Франция сыяктуу бир катар өлкөлөрүндө коомдук жайда жүздү жапкан кийим кийүүгө айрым чектөөлөр киргизилген.

XS
SM
MD
LG