Ссылки доступа

Роскомнадзор тажикстандык «Азия плюс» порталын тыюу салынган сайттардын тизмесине киргизди


26-июлдан тарта  Роскомнадзор «Азия плюс» (news.tj) маалымат порталын Орусия аймагындагы тыюу салыган сайттардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу басылманын редактору Зебо Тажибаева билдирди.

“Биз тыюу салуунун себебин билели дегенбиз, анан кокустан эле кызматкерлерибиздин биринин почтасынан Роскомнадзордун катын таап алдык. Анда былтыр Хожентте өзүн-өзү өлтүргөн аял тууралуу жарыяланган маалыматка карата эскертүү берилген», - деди «Азия плюстун» редактору.

Тажибаеванын айтымында, сайтта Согди облусунун жашоочусу Сырдарыяга боюн таштап, өз жанын кыйганы айтылган. Бирок Роскомнадзор маалыматтан суицидди пропагандалоо элементин тапканын билдирген.

– Роскомнадзордун эскертүүсүнөн кийин маалыматты ошол замат өчүргөнбүз, бирок сайт блокко түшүп калган. Бизге убакыт беришкен жок. Сайтка тыюу салуу ушул жаңылыкка байланыштуу болсо керек деп ойлоп жатабыз. Бирок башка себептер дагы болушу мүмкүн.

Орусиялык интернет-провайдерлер «Азия плюс» сайтынын колдонуучуларына Роскомнадзордун буйругу менен бул порталга чектөө киргизилгенин тастыкташты.

Зебо Тажибаеванын билдиришиниче, тыюу салынгандан кийин Орусияда порталдын колдонуучуларынын саны 30 пайызга төмөндөдү. Мурда жаңылыктарды 100 миңден ашуун киши окуп келсе, учурда алардын саны 60-70 миңди түзүүдө.

«Азия плюс» жетекчилиги Роскомнадзордун чечимине каршы чыкты. Редакциянын кайрылуусу беш күндүн ичинде каралат.

Учурда «Азия-Плюс» маалымат порталы Тажикстандагы алдынкы сайттардын бири. «Азия-Плюстун» алгачкы бюллетени 1996-жылы чыккан.

Сайтка Тажикстанда да чектөө киргизилген. Бийлик анын себептерин ачыктаган эмес.

XS
SM
MD
LG