Ссылки доступа

Казакстанда активисттер бийликти саясий туткундарды бошотууга чакырышты


4-августа Нур-Султан шаарынан алыс эмес Акмол айлында жыйырмадай жарандык активист Казакстанда саясий себептерден улам куугунтукталган жана түрмөгө камалган кишилерди бошотууну талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүштү.

Акциянын катышуучулары “АЛЖИР” музейинин алдына саясий туткун делген 28 кишинин сүрөтү бар плакаттар менен келишип, “Боштондук” деп кыйкырып турушту.

– Өткөн кылымда, 38-жылдагы куугун-сүргүндө Сталинди күнөөлөдүк. Азыр эми кимди күнөөлөйбүз? Сталиндин заманы эмес деп айткан менен андан дагы өтүп кетти, – деди акцияга келгендердин бири.

Акция учурунда акын Арон Атабек, "Казатомпром" компаниясынын мурдагы президенти Мухтар Жакишев, жарандык активист Макс Бокаев, ишкер Искандер Еримбетов, "Атажурт ыктыярчылары" кыймылынын лидери Серикжан Билаштын аты аталды. Саясий туткундардын тизмесинде журналисттер, болгерер, рэперлер да бар.

Ушул эле күнү Шымкент шаарында да "Казатомпром” компаниясынын мурдагы жетекчиси Муктар Жакишевди бошотуу талабы менен отуз чакты киши акцияга чыгышты. Нааразылык акциясына чыккандар “Жакишевге боштондук” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту.

Акциянын катышуучулары башка саясий туткундарды да абактан бошотууну, сөз эркиндигин талап кылып, тынч митингдерге чогулууга тыюу салынбашы керектигин айтышты. Чогулгандар бир сааттан кийин тарап кетишти.

Казакстанда бийлик саясий туткундардын бар экенин четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG