Ссылки доступа

Өзбекстан президенти «чыккынчы акимдерди» жазалоону тапшырды (аудио)


Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев премьер-министр Абдулла Ариповго жана администрация жетекчиси Зайнилобиддин Низомиддиновго Фергана, Хорезм жана Кашкадарыя облусунун башчыларын кызматтан алуу маселесин кароону тапшырды.

пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:31 0:00
Загрузить файл

2-августта өткөн видеоселектордук жыйында Мирзиёев өлкөнүн бир катар аймактарындагы жеке турак-жайларды түрттүрүү жараянын сындады:

– Дагы бир жолу кайталап коёюн, мындай зордукчул саясат менен алыска барбайбыз. Эгер мындай саясат иштесе, 30 жылда биз мыкты болуп кетмекпиз.

Өзбекстан президенти Хорезм облусунун акимин айрыкча урушту. Ургенч районунда миңден ашуун турак-жайлар түрттүрүлгөндөн кийин нааразы болгон жашоочулар жол бууган.

«Менин саясатыма баарынан дагы Хорезм облусунун акими, Эрматов мырза зыян келтирди. Мен дагы сага жана сага окшогон уятсыздарга Интернеттеги комментарийлерден “куттуктоо” жөнөтөм. Мен Ургенч шаарынын акимин (Шухрат Абдуллаев – Ред.) кылмыш жоопкерчилигине тарталы дегенде, сен анын адвокаты болуп, биздин премьер-министрге кайрылдың. Мына сенин “достугуңдун” жыйынтыгы. Сен экөөбүздүн достугубуз туурасында комментарийлерде эмне жазып жатышканын оку. Эгер сен, адепсиз, менин досум болгондо, мындай кылмак эмессиң. Сен эмне үчүн имараттарды түрттүрдүң? Интернеттеги комментарийлерди оку. Ал жакта сенин сүрөтүң жок. Премьер-министрдин гана сүрөтү турат, анын алдында эл президенттин саясатына наалат айткан комметарийлерди жазууда. Сен жана сенин кол алдыңдагылар мага душман сыяктуу мамиле кылдыңар. Имараттарды түрттүрөр алдында башың менен ойлонуп көрүү оор болдубу? Анан дагы 30-50 миллиард компенсация берилди деп мактанып коет. Эмне, бул сенин акчаңбы? Бул Минфиндин акчасы! Же Өзбекстандын сага карызы барбы? Ушул сыяктуу комментарийлерди окуп алып, өз бөлмөмдө кантип отурам?», – деген президент.

27-июлда премьер-министр Абдулла Арипов Өзбекстандын батышындагы Хорезм облусунун Ургенч районунун жашоочулары менен жолугушкан. Турак-жайлары түрттүрүлгөн жергиликтүү тургундар компенсация ала албай, каршылык иретинде 26-июлда Ургенч-Хазорасп автожолун торошкон. Аларга түрттүрүлгөн кыймылсыз-мүлктөрү үчүн компенсация төлөнө баштаган.

Кашкадарыя облусуну акими Зафар Рузиев менен Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев дагы президенттен жеме укту. Шавкат Мирзиёев өкмөт башчыга аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу сунушун киргизүүнү тапшырды.

XS
SM
MD
LG