Мекеменин маалыматына караганда, Ирактын Багдад шаарына чартердик каттам менен барчу жумуш тобунун мүчөлөрүнүн ар бирине виза ачылды, бул өлкөнүн виза тартибин бузду деген балдар үчүн төлөнө турган айыппул үчүн каражат табылды.
Ал эми Сириядагы качкындар лагеринде кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, дайынын билиш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатат.
Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келиш үчүн өкмөттө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумуш тобу түзүлгөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 850дөй киши, ал эми Ирак боюнча расмий маалымат жок.