Ссылки доступа

БУУ: «Ислам мамлекети-Хоросан» тобун тажик жараны жетектейт


Архив сүрөт

Ооганстандагы «Ислам мамлекети — Хоросан» (ИМХ) тобун Абубакри Муавиа каймана аты менен белгилүү 31 жаштагы тажик жараны Сайвали Шафиев жетектейт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттик тобу даярдаган «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук уюму тууралуу баяндамада айтылган.

Анда Шафиевдин ИМХ тобун жетектегенден тышкары анын катарына жаңы адамдарды азгыруу жана интернет аркылуу каражат чогултуу менен алектене турганы белгиленген.

Маалыматтарга караганда, Ооганстандын Нангархар провинциясындагы ИМХ тобунун курамында 200дөн ашык жоочу бар.

ИМ жараткан коркунучтун масштабы тууралуу эл аралык эксперттер тобунун баяндамасы 15-июлда БУУнун Коопсуздук кеңешинде тааныштырылган. Анда бир нече террордук жана экстремисттик топтор Ооганстандын түндүгүндө, анын ичинде Бадахшан провинциясында жашырынып жүргөнү айтылган. Баяндаманын авторлору аталган топтордун мүчөлөрү маңзат аткезилери менен кызматташып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагына жоочуларды өткөрүүгө аракет кылып жатышканын белгилешкен.

Баяндама авторлорунун божомолуна караганда, Ооганстанда тажик жарандарынан турган 100гө жакын согушкер бар. Алардын көбү «Талибан» кыймылынын курамында согушуп жүрүшөт.

ИМдин активдүү мүчөсү Сайвали Шафиев тууралуу алгачкы жолу былтыр май айында айтылган. Анда тажик бийлиги Нооруз майрамында жардыруу уюштурууга даярдык көрүүгө шектелип кармалган адамдардын ИМдин мүчөсү Сайвали Шафиев менен байланышы бар экенин билдирген.

Өткөн жумада Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Ирак жана Сириянын түрмөлөрү менен лагерлеринде 600гө жакын тажик жараны кармалып турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG