Ссылки доступа

Красноярскиде аскердик кампадагы жарылуудан улам тургундар эвакуацияланууда


Красноярск крайынын Ачин районундагы кампанын жарылуусу. 5-август, 2019-жыл
Красноярск крайынын Ачин районундагы кампанын жарылуусу. 5-август, 2019-жыл

Орусиянын Красноярск крайындагы Ачин районунда ок-дары сакталган кампада жарылуу башталып, жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат. Бул тууралуу аймактын губернатору Александр Усс билдирди.

Анын айтымында, түрдүү маалыматтар боюнча жарылуулардан бештен сегизге чейин адам жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Аймактын башчысы Ачин шаарынын өзүндө дагы белгилүү бир көйгөйлөр бар экенин кошумчалады. Адатта «белгилүү бир көйгөйлөр» термини бийлик органдары тарабынан жогорку жактын уруксаты жок айтылбай турган оор абалды сүрөттөө үчүн колдонулат.

«Зыянга учурашы мүмкүн болгон айрым ишканалардын коопсуздугуна көңүл буруп, федералдык трассадагы кыймылды камсыз кылуу керек», — деди губернатор.

Бул тасманын 2:04 мүнөтүндө эң чоң жарылууну көрүүгө болот

5-августта Красноярск крайынын Ачин районундагы ок-дары сакталган кампада өрт чыккан. ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, өрт 125 жана 152 калибрдеги 40 миңге жакын артиллериялык снаряд жайгашкан эки аянтка жайылган.

Кампа Ачин шаарынан 10 чакырым алыстыктагы Каменка кыштагында жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жарылуулардан улам жакынкы айылдардагы «үйлөрдүн терезелери титиреп жатат».

«Интерфакс» кабарлагандай, Каменка кыштагын гана эмес, кампанын айланасындагы 20 чакырым радиустагы башка калктуу конуштардын тургундарын дагы эвакуациялоо пландалууда. Өлкөнүн Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги миңге жакын адам өз алдынча үйлөрүн таштап кетишкенин билдирди. Бул маалыматты кийинчерээк ТАССка Ачин районунун башчысы Илай Ахметов дагы ырастады.

XS
SM
MD
LG