Ссылки доступа

OCCRP: «Астана LRT» компаниясынын экс-башчысы Интерпол тарабынан изделүүдө


Нур-Султан шаарынын жүргүнчү ташуучу транспорт жана автоунаа жолдору башкармалыгынын алдындагы «Астана LRT» компаниясынын мурдагы жетекчиси Талгат Ардан акча кымырууга шектелип, Интерпол тарабынан изделүүдө. Бул тууралуу Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP) билдирди.

Ардан Казакстандагы алгачкы жеңил рельстүү транспорт системасынын курулушун көзөмөлдөгөн муниципалдык-транспорттук компанияны үч жыл башкарып, 2017-жылы кызматтан кеткен.

2018-жылы прокуратура компаниянын экс-менеджментине карата «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча тергөө баштоону демилгелеген. Быйыл өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Арданга каршы кылмыш ишин козгоп, сот аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Astana Times басылмасынын маалыматына караганда, жеңил рельстүү транспорт системасынын курулушу жайлап, калаа бийлиги долбоордун бюджетин 350 миллион долларга кыскарткан.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен учурдагы мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев 1,8 миллиард долларлык баштапкы баасын жана ага байланышкан инвестициялык тобокелдиктерди айтып, бул долбоорду сынга алып келишет.

2015-жылы казак өкмөтү баш калаадагы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кытайдын өнүктүрүү банкынан 1,5 миллиард доллар карыз акча алган. Компаниянын менеджменти акча кымырууга айыпталгандан кийин бул сумманын «Астана банктагы» 250 миллион доллары тоңдурулган. 2018-жылы банк ишмердүүлүгүн токтоткон.

Нур-Султан шаарынын башчысы Алтай Кульгинов каражатты үнөмдөө максатында жеңил рельстүү транспорт каттамында пландалган 18 аялдаманын саны 11ге чейин кыскартыла турганын билдирди. Өлкөнүн Каржы министрлиги курулуш иштерин бүткөрүү жана Кытайдан алынган карыздан кутулуу үчүн баалуу кагаздарды чыгарууну сунуштады.

XS
SM
MD
LG