Ссылки доступа

Өзбекстанда Facebook жана YouTube сайттарына бөгөт койгон адамдар азыр абакта


Өзбекстанда 2018-жылы Facebook социалдык түйүнү менен YouTube сервисине бөгөт коюу буйругун берген адамдар учурда абакта жатышат. Бул тууралуу өлкөнүн Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин башчысы Комил Алламжанов видеоблогер Кирилл Альтманга берген интервьюсунда билдирди.

«Алардын пикиринде, өлкөдө негативдүү маалыматтар кескин көбөйүп кеткен. Алар бул маселени Facebook менен YouTube сайттарын жабуу аркылуу чечүүнү каалашкан. Мен анда бул боюнча алар менен катуу талашып, негативге каршы контраргументтер жана контрфакттар менен күрөшүү керектигин айткам», — деди Алламжанов социалдык түйүндөргө бөгөт коюлгандыгы тууралуу суроолорго жооп берип жатып.

Өзбекстанда 2018-жылдын сентябрынан тарта белгисиз себептерден улам бөгөт коюлган YouTube менен ВКонтакте быйыл 19-февралдан тарта кайрадан иштей баштаган. Бул аралыкта өзбекстандыктардын көбү аталган сайттарга VPN аркылуу кирүүнү үйрөнүп алышкан.

Анда бийлик тараптан социалдык түйүндөргө эмне себептен бөгөт коюлгандыгы тууралуу расмий жооп болгон эмес. Аткаминерлер бул аракетти телекоммуникациялык жабдууларды жаңылоо жана криптографиялык ачкычтарды алмаштыруу иштери менен түшүндүрүүгө аракет кылышкан.

XS
SM
MD
LG