Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын атына жазган арызында Хантсман эки өлкө ортосундагы мамилелердин оор учурунда ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген.
Америкалык дипломаттын бул кызматта 3-октябрга чейин иштей турганы кабарланууда.
ЖМКлардын маалыматына караганда, Хантсман Юта штатына кайтып барып, алдыдагы шайлоодо губернатор кызматына талапкерлигин коюуга ниеттенүүдө.
Хантстман – Республикалык партиянын мүчөсү. АКШнын Орусиядагы элчиси кызматына 2017-жылы дайындалган. 2005-2009-жылдар аралыгында Юта штатынын губернатору болуп иштеп, кийин АКШнын Кытайдагы элчиси кызматына дайындалган.