Ссылки доступа

Иран өз өндүрүшүндөгү жаңы ракеталарын көрсөттү


Иран жеке өндүрүшүндөгү жогорку тактыкта башкарыла турган ракеталардын үч жаңы үлгүсүн көрсөттү. Бул тууралуу Irna агенттиги кабарлады.

Өлкөнүн коргоо министри Амир Хатами снаряддарды истребителдерге, тик учактарга жана учкучсуз учактарга орнотууга боло турганын билдирди. Анын айтымында, ракеталардын бири 50 чакырымдан алыс аралыктагы бутага таамай тийип, аны жок кыла алат.

Иран бул жаңы куралдарын Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы мамилелер курчуп турган маалда иштеп чыгууда. АКШ былтыр май айында 2015-жылы түзүлгөн Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден бир тараптуу негизде чыгып кетип, Тегеранга каршы киргизилген санкциялардын айрымдарын калыбына келтирген. Анда АКШ келишим ирандыктарга жашыруун түрдө өзөктүк курал иштеп чыгууга мүмкүндүк берип келгенин билдирген. Бирок Иран бул айыптоолорду четке кагууда.

Быйыл июнда Тегеран да келишимдеги айрым милдеттерин аткаруудан баш тартып, уран байытуунун деңгээлин жогорулаткан.

2015-жылы Иран, АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Улуу Британия жана Германия өлкөлөрү кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жеңилдетилмек.

XS
SM
MD
LG