Ссылки доступа

Анжиянда экспорт үчүн фермерлерден акча чогултулууда


Анжиян облусунун Избаскан районунда фермерлер бир гектер жер үчүн 30 000 сум ($3,5) төлөөгө милдеттендирилди. Акча аймактын экспорт боюнча планын толтурууга жумшалат.

–Маселен, менин 100 гектар жерим болсо, мен айыл чарба башкармалыгына үч миллион сум ($350) төлөшүм керек, – деди райондогу фермерлердин бири.

Дыйкандардын айтымында, жергиликтүү бийлик төлөм алынганы тууралуу дүмүрчөк берген жок.

Атын атагысы келбеген анжияндык аткаминер Асака жана Анжиян облустарынын экспорттук милдеттемелери көп экенин, башкача айтканда ай сайын төрт миллион доллар чогултуу зарылдыгын айтты:

–Иш жүзүндө бул суммага тете азык-түлүк экспорттолбойт. Аткаминер фермерге 40 000 долларга тете экспорт жүргүзүшүң керек болчу, мидеттемени аткарган жоксун, демек, бул сумманын 1,0 пайызын алып келесиң дейт. Фермерлердин көбүнүн экспорттук келишимдери жок. Чогулган акчанын канчасы район башчысынын колунда калары белгисиз. Бул коррупциялык схема.

Ал өлкө президенти экспорттун көлөмүн көбөйтүшү керектинин айтканын, бирок жергиликтүү бийлик буйрукту иш жүзүндө эмес кагаз жүзүндө гана аткарып жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG