Ссылки доступа

Орусияда белгисиз заттан ууланган 60тай өзбекстандык ооруканадан чыга элек


Орусиянын Самара облусунда белгисиз заттан ууланган 60тай өзбекстандык ооруканадан али чыга элек

“Өзбекстандын 57 жараны Самара облусунун эмдөө мекемелеринде дарыланууда, 12 адам ооруканадан чыкты”, – деди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү.

17-июлда Самара облусунда Өзбекстандын 69 жаранына “белгисиз заттан ууланды” делген диагноз коюлган.

Окуя жашылча-жемиштен суусундук даярдай турган ”Кошелевский посад” ишканасында болгон. Уулануунун себептери азыркыга чейин белгисиз.

Өзбекстандыктар Орусияда мыйзамдуу түрдө жумуш иштешкен. Буга чейин ”Кошелевский посад” фирмасы ууланган кишилердин бардык чыгымдарын көтөрө турганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG