Жол кырсыгы 6-августта катталган, расмий маалыматтар боюнча курмандык жок.
Күбөлөрдүн айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери авария болгон жерди тездик менен курчоого алып, жолду кырсыктын бардык издеринен тазалашкан.
Nissan GT-R R35 спорт машинесинин баасы 115 миң АКШ долларынан өйдө башталат, аны Ташкенттин көчөлөрүнөн сейрек кездештирүүгө болот.
Буга чейин Интернетте бул автоунаанын жанында Өзбекстандын президентинин баласы жана кенже күйөө баласынын түшкөн сүрөтү жарыяланган.
Ташкенттин борборунда болгон жол кырсыгына чынында эле ушул автоунаанын катышкан-катышпаганын көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн болгон жок. Жергиликтүү басылмалар авариядан үч киши жабыркаганын, алардын арасында ички иштер органдарынын эки кызматкери бар экенин жазышты.
Өзбекстанда бөгөттөлгөн Eltuz.com интернет басылмасынын билдиришинче, аварияга кабылган Nissan GT-R R35 автоунаасынын ээси Өзбекстан президентинин кичүү күйөө баласы, президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Отабек Умаров
Өткөн айда Отабек Умаров Tesla автоунаасын жогору ылдамдыкта айдаганы үчүн коомчулуктан кечирим сураган.