Ссылки доступа

Тажикстанда антикоррупция кызматкерлери адвокаттын тишин сындырышкан


Тажикстан Башкы прокуратурасы Душанбе шаарынын прокуратурасына адвокат Абдулазиз Абдурахмонзоданын ага карата кыйноо колдонулганы тууралуу арызын кароону тапшырды.

Тажикстан Адвокаттар биримдигинин мүчөсү Абдулазиз Абдурахмонзода Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы агенттигинин кызматкерлери аны мыйзамсыз кармап, кыйноого алышканын билдирген. “Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбор” маалымдагандай, адвокаттан Варзоб райондук сотунун кызматкерине каршы иш жасоону талап кылышкан.

Адвокаттын айтымында, 2019-жылы 9-апрелде Варзоб райондук сотунун имаратынын алдында Саидмурод Саидов андан жарандык иш боюнча көмөк көрсөтүүнү сураган. “Оозеки келишим менен 1500 сомониге (150 доллар) керектүү документтерди чогултуп, алгачкы сот инстанциясына адвокат иретинде катышууга, ал эми 5000 сомониге сот чечими чыкканга чейин көмөк көрсөтүүгө макул болгом. 17-апрелде Саидмурод Саидов юридикалык көмөк көрсөтүү тууралуу келишим түзүү үчүн келген. Ал 500 доллар алып келген. Мен андан долларды кеңсе жанындагы банктан айырбаштоосун сурадым. Келишимдин алгачкы бөлүгүн алган Саидов кеңседен шашылыш чыгып кетти. Ошол кезде өздөрүн ыкчам кызматкерлер катары тааныштырган 20-25 адам кирип келди”, – деди адвокат.

Абдулазиз Абдурахмонзода коррупцияга каршы кызматтын өкүлдөрү анын тишин сындырып, катуу сабаганын айтты. Андан соң алар адвокатты "500 долларды Вароб райондук сотунун кызматкери Шахзод Нурализодага бермекмин" деп арыз жазууга мажбурлашкан. Бирок операция ийгиликсиз аяктаган.

Май айынын аягында Абдурахмонзодага “Алдамчылык” беренеси боюнча иш козголгон. Иш Сино райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы агенттиги бул боюнча комментарий берген жок.

Бул арада Абдурахмонзода Тажикстан Башкы прокуратурасынан Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы агенттигинин кызматкерлерине каршы “Кыйноо” беренеси боюнча иш козгоону суроодо.

XS
SM
MD
LG