Ссылки доступа

Тажикстанда Курман айтта кең дастаркон жайгандарга айыппул салынат


Тажикстан бийлиги Курбан айтта ысырапкорчулукка жол бергендер жазалана турганын эскертти. Кең дасторкон жайгандарга 5 миң сомони (500 доллар) айыппул салынат. Тажикстанда Курман айт 11-августта белгиленет.

Дин иштери жана улуттук салт-санааны жөнгө салуу комитети Курман айт учурунда комитеттин кызматкерлери өлкөнүн бир катар аймактарында рейд жүргүзүп, эл жайган доасторконду текшерерин эскертти.

Комитет өкүлдөрү майрам учурунда чакан дастаркон даярдоого кеңеш берет. Тасмалга экзотикалык жемиштер эмес, жергиликтүү даамдар, үйдө бышырылган татуу токточтор коюлушу керек.

Эки жыл мурун Тажикстан парламенти “Салттарды, салтанаттарды, ырым-жырымдарды жөнгө салуу” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизген. Анда Айт жана Курман айт майрамдары учурунда ысырапкорчулукка жол берүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG