Ссылки доступа

Пакистан өкмөтү Индиядагы дипломаттарын чакыртып алды


Пакистан Делидеги элчисин чакыртып алып, өлкөдөн бардык индус дипломаттарын чыгарууда. Бул чечим Индия көбүнчө мусулмандар жашаган Жамму жана Кашмир штаттарын өзгөчө макамдан ажыраткандан кийин кабыл алынды.

Күн мурун пакистандык Down басылмасы Пакистан ТИМинин башчысы Мехмуд Курешиге шилтеме берүү менен Исламабад Индия менен дипломатиялык мамилелеринин дэңгээлин төмөндөтүүгө ниеттенип жатканын билдирген. Мындан тышкары буга чейин Индия менен Пакистандын ортосунда кабыл алынган бир катар эки тараптуу кеишимдер кайра каралат. Индиянын Жамму жана Кашмир боюнча аракети жөнүндөгү маселе БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында көтөрүлөт.

Бул арада Индия менен Пакистандын куралдуу күчтөрү эки өлкөнүн чек ара аймактарында бири-бирине сокку урууда. Бул тууралуу The Economic Times басылмасы индия армиясына шилтеме берүү менен билдирди.

5-августта Индия өкмөтү Кашмирдин өзгөчө макамына кепилдик берген Конституциянын 370-беренесин жокко чыгарган.

Бул берененин негизинде Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бул бөлүгү өзүнүн Баш мыйзамы менен иш алып барып, өзүнүн желегине ээ болуп, тышкы саясат, коргонуу жана коммуникация тармактарынан башка бардык маселелерде өз алдынча чечим кабыл алып келген.

Ошондой эле Конституциядагы бул жобо штаттын тургундарынан башка индиялыктарга аймакка келип туруктуу отурукташууга, жер тилкесин же кыймылсыз мүлк сатып алууга, жергиликтүү өкмөттө же окуу жайларда иштөөгө тыюу салган.

Штаттагы оппозициянын айрым өкүлдөрү эгер 370-берене жокко чыгарылса, мусулмандар басымдуулук кылган бул аймакка хиндулар келип отурукташа баштай турганын билдиришти.

5-августтун таңында Жамму менен Кашмирде телефон жана Интернет байланышы иштебей калды. Аймактын негизги шаары болуп саналган Сринагарда мектептер жабылып, каттамдарга чектөө киргизилди.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан дүйнө коомчулугун бул маселеге көңүл бурууга чакырды. Хан эгер Индия өз өлкөсүнүн ичинде аскердик чабуулду кайталаса, Исламабад менен Нью-Дели согушка багыт ала турганын эскертти. Анын пикиринде, Индиянын чечимине нааразы болгон кашмирликтер индия коопсуздук күчтөрүнө кол салышы ыктымал, бул үчүн Нью-Дели Пакистанды айыпташы мүмкүн.

1947-жылы Британиянын чөлкөмдөгү үстөмдүгү аяктагандан бери мусулмандар басымдуулук кылган Кашмир аймагын дээрлик үч мамлекет башкарып келет. Аймактын түндүк-батышы Пакистанга баш ийсе, түндүк-чыгыш тараптагы бир аз бөлүгүн Кытай көзөмөлдөп турат. Кашмирдин түштүгүндөгү Жамму жана Кашмир аймагы болсо өзгөчө макам менен Индиянын курамында болууну чечкен. Андан бери Пакистан менен Индия Кашмирге толук ээлик кылуу укугун талашып, эки өлкөнүн ортосунда кеминде эки ирет ири согуш чыккан.

XS
SM
MD
LG