Ссылки доступа

Казакстанда «Казатомпром» компаниясынын мурдагы башчысын колдогон пикеттер өттү


9-августа Семей шаарында камактагы «Казатомпром» компаниясынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишевди колдогон пикеттер өттү. Ал 14 жылга кесилген.

Жарандык активист Динара Мубарак Семейдеги № 2 соттун имаратына келип, «Мухтар Жакишевге боштондук талап кылам!» деген плакат менен чыкты. Семейдин башка бир жашоочусу Дилара Актолкынова прокуратура имаратынан жанында Жакишевдин сүрөтү тартылган плакат, ошондой эле «Мухтар Жакишевге жана башка мыйзамсыз соттолгондорго боштондук» деген жазуулар менен турду. Активисттер жарым сааттан ашык убакыттан кийин тарап кетишти. Аларды эч ким кармаган жок.

24-июлда Семей соту Жакишевди мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тарткандан кийин аны колдоо иретинде ондогон акциялар өттү.

Жакишев 2009-жылы коррупция боюнча айыпталып, камакка алынган. Сот аны ошол жылы 14 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Муктар Жакишевдин жактоочулары ал мурдагы банкир, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин эң башкы саясий душманы, бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов менен дос болгону үчүн гана камалганын айтып келет.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Жакишевди "саясий туткун" деп тааныган жана казак бийлигин аны абактан бошотууга чакырган. Расмий Астана өлкөдө саясий негизде камалгандар жок экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG