Ссылки доступа

Өрт чыккан Көктөбөдөн бир кишинин сөөгү табылды


Алматыда өрт чыккан Көктөбө тоосунан бир кишинин сөөгү табылган. Анын өлүмү боюнча тергөө иштери башталды.

11-августта Көктөбө тоосунда чөп өрттөнүп кеткен. Кийинчерээк куткаруучулар миң чарчы чакырым жерди жалын чулгаганын кабарлашкан. Өрттү өчүрүү учурунда бир кишинин сөөгү табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы Серик Аубакиров билдирген.

Департаменттин маалыматына караганда, Алматы полициясы көз жумган кишинин тек-жайын жана анын өлүмүнүн себептерин аныктоодо. Бир катар экспертиза дайындалды.

XS
SM
MD
LG