Ссылки доступа

Тажикстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы CAFA чемпионатын жеңиш менен баштады


Тажикстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы ушул күндөрү Душанбе шаарында өтүп жаткан Борбор Азия футбол Ассоциациясынын (CAFA) жаштар арасындагы чемпионатындагы алгачкы беттешинде Түркмөнстан курамасын ири эсепте (5:1) утуп алды.

Тажикстандын футбол федерациясынан кабарлашкандай, беттеш эсебин 16-мүнөттө түркмөн курамасынын оюнчусу Рахман Муратбердыев ачты. Андан соң Тажикстан командасынын курамында Рустам Сиоров менен экинчи таймда алмашууга чыккан Шахром Самиев экиден гол тебишти. Дагы бир голду Амадони Камолов киргизди.

Ушул эле чемпионаттын алкагында өткөн дагы бир оюнда Ооганстан курамасын 2:0 эсеби менен утуп жаткан Өзбекстан жеңишти сактап кала алган жок. Беттеш 2:2 эсеби менен аяктады.

CAFA жаштар арасындагы чемпионаттын буга чейинки оюндарында Иран курамасы Өзбекстанды 2:0 менен утса, Ооганстан менен Түркмөнстан командаларынын ортосундагы беттеш 2:2 менен аяктаган.

CAFA жаштар чемпионатына Тажикстан, Ооганстан, Иран, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн 19 жашка чейинки өспүрүмдөрдөн куралган командалары катышууда. Чемпионат алкагында жалпысынан 10 оюн өтүп, аларда эң көп упай алган команда жеңүүчү деп табылат.

XS
SM
MD
LG