Ссылки доступа

Самаркандда колледждин жанындагы май куюу жайы өрттөнүп кетти (видео)


12-августта Самарканд шаарындагы май куюу жайы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик өрт коопсуздук кызматы кабарлады.

Мекеменин расмий билдирүүсүндө белгиленгендей, өрт үй-бүлөлүк «Автогаз-Инвест» ишканасынын аймагында жайгашкан май куюу жайында саат 17:27де башталган. Башка маалыматтар боюнча станция Олимпиадалык резерв колледжинен алыс эмес жерде жайгашып, өрт чыккандан кийин анда жарылуу болгон.

Мамлекеттик өрт коопсуздук кызматынан билдиришкендей, жалын 20 мүнөттүн ичинде токтотулган.

«Өрттөн каза болгондор жана жаракат алгандар жок. Эки газ жана бир бензоколонка, 200 чарчы метр аянттагы чатыр жана оператордун ички жабдуулары күйүп кеткен», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Болжолдуу версияга ылайык, өрттүн чыгышына зымдардын тийишүүсү себеп болгон.

XS
SM
MD
LG