Ссылки доступа

Түркмөнстанда азык-түлүк дагы кымбаттады


Ашхабадда азык-түлүк баасы дагы жогорулады, мамлекеттик дүкөндөрдө жумуртка менен сабиз сатылбай калды.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдиргендей, сабиз жок, коммерциялык дүкөндөрдө анын бир килосу 6,6 манат турат. Мамлекеттик соода түйүндөрүндө жумуртка да жок, базарда анын бир даанасы 0,8 манат турат.

Бир нече күн мурун базарда сабиздин килосу 3 манаттан ашкан эмес. Расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манат турат.

Учурда мамлекеттик дүкөндөрдө тоок саны да жок, базарда ал белгиленген баадан 20 пайызга жогору сатылууда.

Түркмөнстандын мамлекеттик дүкөндөрүндө негизги азык-түлүктөр атайын белгиленген баа менен сатылат, базар менен жеке дүкөндөрдө алардын наркы бир нече эсе жогору.

XS
SM
MD
LG