Ссылки доступа

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага иш козголуп, үй камагына алынды


Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыкканына байланыштуу мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча 20-августта иш козголду.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Жолдубаеванын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылды.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов баш болгон 20га чукул мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге, аткаминерлерге, дарыгерлерге айып коюлган. Учурда бул кылмышка байланыштуу айыпталгандардын арасынан мурдагы президент УКМКнын тергөө абагында кармалып турса, калгандары үй камагына чыгарылган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган.

XS
SM
MD
LG