Ссылки доступа

Өзбекстанда кинотасмалардын мазмунуна көзөмөл кылуу укугу Республикалык кинопрокат борборуна берилди


Өзбек өкмөтүнүн 19-августтагы токтому менен өлкөдө кинотасмалардын мазмунуна көзөмөл кылуу укугу Республикалык кинопрокат борборуна берилди.

Борбордун негизги максаты зомбулук менен порнографияны пропагандалаган, ошондой эле тарыхый, маданий жана руханий баалуулуктарды бурмалап, Өзбекстан жөнүндө туура эмес маалыматтарды камтыган тасмалардын жайылышына жол бербөө болуп эсептелет.

Өкмөттүн токтому менен мамлекеттик буйрутманын негизинде тартылган жана чет өлкөлөрдөн алынып келинген тасмаларды дүңүнөн сатуунун тартиптери бекитилди. Ага ылайык, эми Республикалык кинопрокат борбору дистрибьютордук ишмердүүлүк менен алектенип калат.

Ошондой эле мындан ары тасмалар кинотеатрларда аталган борбордун алдындагы методикалык кеңештин сунуштамасы боюнча түзүлгөн репертуардык пландын негизинде көрсөтүлүп калат.

XS
SM
MD
LG