Ссылки доступа

"Bilan": Назарбаевдин кызы Швейцариядан хансарай сатып алды


Швейцариялык “Bilan” журналы 21-августта Казакстандын мурдагы президентинин кенже кызы Динара Назарбаева белгилүү “Бельрив” (Château de Bellerive) хансарайын сатып алганын жазды.

Хансарай Женеванын четинде жайгашкан жана Швейцариянын улуттук мурастар тизмесине киргизилген. Маалыматтарга караганда, Динара Кулибаева сепилди 62 миллион франкка (63 миллион доллар) сатып алган.

Журналда "Бельрив" сарайы ханзада Садруддин Ага Хан тарабынан 1997-жылы ага-ини Сёрсокторго белек иретинде берилген. Ханзада Садруддин 2003-жылы 70 жаш курагында өлгөн. Ал эки жолу никеге турган, бирок балдары болгон эмес.

Ага-ини Сёрсоктор анын экинчи жубайы Кетрин Алия Сёрсоктун (Catherine Aleya Sursock) балдары.

“Bilan” маалымдагандай, Сёрсок 28 миң 700 чарчы метр аянты бар хансарайды үч жыл мурун сатыкка койгон жана башында ал үчүн 120 миллион франк сураган.

Журналдын билдиришинче, Назарбаевдин кызы биринчи жолу Швейцариядан кыймылсыз мүлк алып жаткан жери жок. 2009-жылы ал Женевадан 75 миллион долларга турак-жай сатып алган.

Динара Кулибаева өзү бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG