Ссылки доступа

Түркмөнбашы шаарында бир нече күндөн бери таза суу жок


Түркмөнбашы шаарынын тургундары бир нече күн таза суусуз калды. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, калаанын борбордук бөлүгүндө жана чеке-белиндеги калктуу конуштарда суу менен камсыздоо системасы бузулган.

"Шаар негизделгенден бери эле көйгөй бар, маселен, калаанын борборунда жана четинде сууну адатта кыска мөөнөткө, эртең менен 15 мүнөт беришет. Азыр болсо ал дагы жок", - деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурагандыктан, бөтөлкөлөрдөгү суунун наркы кымбаттады. Беш литрлик бөтөлкөдөгү суунун баасы 8 манаттан 15 манатка чейин жогорулады. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 3,5 манат 1 долларга барабар.

Түркмөнстанда суу берүүнү токтотуу системалуу мүнөзгө ээ.

XS
SM
MD
LG