Ссылки доступа

Ордо оюнун жайылтууну көздөгөн фестиваль (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Ордо оюнун жайылтууну көздөгөн фестиваль. Жумгал районунун Ок-Торкой жайлоосунда ордо фестивалы өттү. Ага райондогу 12 айыл аймагынан келген ордочулар катышты. Иш-чара бул улуттук оюнду даңазалоо жана башка аймактарга жайылтуу максатын көздөдү. (видео)

- «Эки уй сатып ал». Назарбаев мамлекеттен жардам сурагандарга уй саап, өздөрүн багууну сунуштады. (видео)

- Чеченстанда Европадагы ири мечит ачылды (Настоящее время)

- Бишкектиктер аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам беришти. (видео)

- Каракол: мэрия таштанды сатып алды. 21-августта Караколдо желим, кагаз, картон жана айнек таштандыларды өзүнчө бөлүп чогулткан ишембилик өттү. Шаар бийлиги чогултулган кагаздын килограммын 6, картонду - 3, айнек – 2, желим - 5 сомго сатып алды. (Директтен видео)

- Чет-Нуранын жолунун тамтыгы чыкты. Нарын шаары менен Чет-Нура айыл аймагын бириктирген 40 чакырым жолу оңдолбой турганына көп болду. Өңгүл-дөңгүл, таштак жол жүргүнчүлөрдү эле кыйнабастан, үй-бүлө багам деген айдоочунун да автоунаасын керектен чыгарып жатат. (Директтен видео)

- Караматтын тандыры. Базар-Коргон районунун Карача айылынын элүү жаштагы тургуну Карамат Токторалиева тандыр жасоонун сырын үч жыл мурда үйрөнгөн. Былтыр сезондо 3 миң даана тандыр жасап, миң сомдон баштап эң чоңун 15 миң сомго чейин сатып үлгүрдү. Жакындан тартып ал жасаган тандырлар Орусияга жана Казакстанга ташыла баштады. (Директтен видео)

- “Тулпар Манасчы” ээсин тапты. XVIII кылымдын соңунда жашап өткөн айтылуу манасчы Келдибек Карбоз уулунун урматына уюштурулган "Тулпар Манасчы" сыйлыгы ээсин тапты. Быйыл биринчи жолу уюшулган наамга КРдин эмгек сиңирген артисти, манасчы Назарбек Сейдрахманов татыктуу болду. (Директтен видео)

- Чеченстанда Европадагы эң ири мечит ачылды. (Настоящее время)

- Азия: Кыргызстанда адвокат кармалды. Кыргызстанда мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун адвокаты кармалды. — Казакстанда саясий туткундардын тизмесине дагы сегиз фамилия кошулду. — Казакстандыктар Назарбаевдин сөздөрүн талкуулап жатышат. (видео)

- Бишкектиктер жакын үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам беришти. (Кыргызстандан видео)

- Тажикстанда азык-түлүк кымбаттады​. (Тажикстандан видео)

- Баткендик ишкер чакан ГЭС курат. Баткен облусунда алгачкы жолу жеке ишкер тарабынан чакан ГЭС курулуп жатат. Учурда чакан ГЭСтин курулушу жарымдап калды. Кийинки жылы ишке берилери пландалган ишкана жылына 5 миллион киловатт электр энергия өндүрө турганы айтылууда. (Директтен видео)​

- Чыныгы аялдар футбол ойнойт: Көк-Таштагы өзгөчө мелдеш.(Настоящее время)

- Тажикстандагы лөлү балдары мектепте барууга даярдык көрүүдө.(Тажикстандан видео)​

- Умед Бабаханов: «Азия-плюс» багынып бербейт​. (Тажикстандан видео)​

- Борборазиялык окуучу кыздар гендердик стереотиптерден баш тартууга чакырып жатышат. (видео Директ)

- Орусияга иштегени кеткен казакстандыктардын саны канча?(инфографика)

- Таш менен сырдашкан уста. Алай районунун тургуну Абдилазиз Шапаков 20 жылдан бери жыгачтан түрдүү буюмдарды жасайт. Уста акыркы жылдары ташка жаныбарлардын айкелин түшүрө баштады. Ал өзүнүн музейин ачып, өмүрүн искусствого арнагысы келет. (видео Директ)​

- Памирден кат: Жергеталда жашаган кыргыздардын турмушу.(видео)

- Бир жылдын ичинде казак тектүү төрт миллиондон ашык адам өлкө сыртында жашаган. (инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG