Ссылки доступа

Тажикстанда абакта отурган мурдагы банкир каза болду


Душанбе шаарында тергөө абагында отурган "Тажпромбанктын" башчысынын мурдагы орун басары Махмадулло Мирзоев каза болду. Бул тууралуу анын уулу Абубакр Мирзоев билдирди.

Махмадулло Мирзоев быйыл февралда алдамчылыкка айыпталып кармалган.

Маркумдун жакындары Мирзоев кант диабетинен жабыркап жүргөнүн билдиришкен.

Тажикстан Юстиция министрлиги анын өлүмү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

"Тажпромбанк" 2018-жылы февралда Тажикстан Улуттук банкынын лицензиясынан ажыратылган. Банк кардарларды тейлей албай, банкрот болгон. Жыл башында Тажикстан Эсеп палатасы каржы мекемеси 270 миллион сомони өлчөмүндө зыянга учураганын аныктаган.

Бул арада Душанбеде "Тажпромбанктын" мурдагы башчысы Жамшед Зияевдин соту уланууда. Ал 2019-жылы февралда 100 миллион сомони (10 миллион доллардан ашык) каражатты мүлк иретинде кайтарып бергени кабарланган.

Былтыр апрелдин аягында кармалган Жамшед Зиёев учурда Душанбедеги тергөө абагында камакта. Ага каршы ”Алдамчылык” жана ”Ишенип берилген акчаны коротуу” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG