Тажикстан билим берүү жана илим министрлиги 1-класстын окуучуларынын ата-энелеринен акча талап кылуу боюнча даттануулар түшкөнүн, бирок бул фактылар тастыкталбаганын маалымдады.
Министрликтин басма сөз катчысы Эхсони Хушвахттын билдиришинче, ата-энелер кошумча сабактар үчүн гана акча төлөшөт. Мектеп имараттарын оңдоп-түзөө, эмеректерди сатып алуу, кароолчу жана техникалык кызматкерлердин маянасын төлөө үчүн мажбурлап акча чогултууга тыюу салынат:
– Эгер ата-энелер мектеп имаратын жакшыртууга жардам бергиси келсе, өзүнчө эсеп ачып, акчаны ошол жакка которушу керек. Акчаны мугалимдердин жана тарбиячылардын колуна берүүгө тыюу салынат.
Яван аймагынын атын атагысы келбеген жашоочусу №1 мектептин администрациясы ата-энелерден ремонт, ашканада тамактануу жана документтер үчүн 220 сомони (24 доллар) талап кылып жатканын айтты. Мектептин директору акча ыктыярдуу негизде чогултулуп жатканын билдирди.
Тажикстанда орто мектептерде ата-энелерден акча чогултуу мыйзамсыз деп табылган.