«Биз сентябрь айында пайдалуу саммит өткөрүү үчүн бардык шарттар бар деп ойлойбуз», — деди Макрон. Бирок ал жолугушуунун так датасын айткан жок.
Украинанын чыгыш аймактарында орусиячыл жикчилдер менен өкмөт күчтөрүнүн ортосундагы тиреш 2014-жылы, Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери уланып келатат. Андан бери анда 13 миңден ашык адам мерт болуп, бир жарым миллионго жакын тургун башка аймактарга көчүп кетүүгө аргасыз болгон.
Европа биримдиги, АКШ жана башка өлкөлөр жаңжал үчүн Москваны айыптап, Орусияга каршы санкцияларды киргизишкен.