Ссылки доступа

Казакстанда корукчунун өлүмү боюнча сот башталды


Казакстандын Караганды облустук сотунда экоинспектор Ерлан Нургалиевдин өлүмү жана анын кесиптеши Петр Ницыктын өмүрүнө кол салуу боюнча кылмыш иштери карала баштады.

Бул иштин алкагында Кызылордо облусунун жети тургуну «сейрек кездешүүчү жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылган» деп айыпталууда. Мындан тышкары алардын үчөө корукчу Ерлан Нургалиевди өлтүрүүгө күнөөлөнүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын бардыгы тең айыптоолорду четке кагышкан. Алар 17 бөкөндү өлтүрбөгөнүн айтып, карышкырга аңчылык кылып жүрүшкөнүн билдиришкен.

13-январда «Охотзоопром» мамлекеттик ишканасынын эки кызматкерине Караганды облусунун аймагында кол салуу болгон. Ал күнү инспекторлор рейд жүргүзүп, бөкөндөрдү атууга шектелген адамдарды колго түшүрүүгө аракет кылышкан. Ошол маалда корукчуларга карата ок атылып, алар оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. 15-январда Астанадагы ооруканада жаткан 53 жаштагы Ерлан Нургалиев каза болгон.

Бул окуя казак коомунда кызуу талкуу жаратып, токойлорду жана жаныбарларды коргогон инспекторлордун ыйгарым укуктарын кеңейтүү талаптары айтылган.

Быйыл июлдун аягында «Охотзоопром» ишканасынын дагы бир корукчусу Каныш Нуртазинов Акмоло облусунда браконьерлердин кол салуусуна кабылып, мерт болгон.

XS
SM
MD
LG