Ссылки доступа

Тажикстан экономикасы начар 20 өлкөнүн катарына кирди


Тажикстан дүйнөдө экономикасы эң начар өнүккөн 20 өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта фондунун сайттарындагы маалыматтарга таянып тажик басылмалар жазып чыгышты.

2018-жылдын жыйынтыгында ички дүң өнүмдүн абсолюттуу көрсөткүчүндө Тажикстан 200 өлкөдөн турган тизменин ортосунда жайгашкан.

Өткөн жылы Тажикстандын ички дүң өнүмү 7,5 миллиард долларды түзгөн жана бул өтө деле начар көрсөткүч эмес. Бул жагынан алганда өлкө Европадагы Лихтенштейн, Монако же Гренландия аймагынан кыйла алдыда. Бирок ички дүң өнүмдү калктын санына бөлүп эсептегенде, Тажикстан 195 өлкөдөн турган тизменин 175-сабына түшөт.

Экономикасынын начардыгы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан Тажикстанга жакыныраак. Бирок өлкөдө ички дүң өнүмдү жан башына эсептегенде кыйла жогору. Эгер Тажикстанда бир адам үчүн жылына 807 долларга товар жана кызмат өндүрүлсө, Кыргызстанда бул көрсөткүч 1254 долларды, Өзбекстанда 1326 долларды түзөт.

Иликтөөлөрдө Борбор Азиядагы чабал өлкөлөрдүн экономикасы мигранттар которгон акчадан көз каранды экени айтылат.

XS
SM
MD
LG