Ссылки доступа

Орусия Түркияга С-400 ракеталык комплекстеринин жабдууларын жеткирүүнү улантууда


Түркия кийинки жылдан тарта орус өндүрүшүнөн чыккан С-400 ракеталык комплекстерин колдоно баштайт. Ага чейин Орусия түрк аскер кызматкерлерин окутууга убада берүүдө.

Түркия президенти Режеп Эрдоган шейшембиде Москвага келген. Орусия президенти Владимир Путин ага Су-57 аскер учагын көрсөттү. Буга чейин чет элдик басылмалар Түркия орус өндүрүшүнөн чыккан учактарды сатып алышы мүмкүн экенин жазышкан.

"Аскердик же аскердик-техникалык багыттагы кызматташтык жөнүндө гана эмес жарандык маселелер, космос, авиация туурасында да сөз болду", –деди Путин. Ал Орусия менен Түркиянын ортосунда виза режимин либералдаштыруу боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады. Эрдоган эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү 25 миллиард доллардан 100 миллиард долларга көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Июлда С-400 ракеталык системасынын айрым компоненттери Түркияга жеткириле баштаганы маалымдалган.

Түркия Орусия менен аскердик багытта кызматташканы үчүн Вашингтон Анкараны санкция менен опузалоодо. Буга чейин С-400 ракеталык системаларын сатып алгандыктан, АКШ Түркияга F-35 бомбалоочу учактарын жеткирүүдөн баш тарткан. Түркия АКШнын бул кадамы мыйзамдуу эмес экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG