Ссылки доступа

Душанбеде уурулар майып аялдын тигүү цехин карактап кетишти (видео)


Душанбеде бир жарым ай мурун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарды кийим тигүүгө үйрөткөн окуу борбору тонолгон. Цехтин жетекчиси Бибикалон Хожаеванын билдиришинче, уурулар тигүү цехин талкалап, керектүү буюмдарды уурдап кетишкен:

–Уурулар эки кондиционерди, 5 миң сомони турган кездемелерди, 1 миң сомони (110 доллар) накталай акчаны жана тигилген кийимдерди алып кетишкен. Алар кийим тигүү машиналарын чыгарып кете албай коюшса керек, талкалап салышкан. Биз дароо милицияга кайрылганбыз.

Укук коргоо органдары ууруларды таба элек.

Тигүү цехинде жыйырмадай аял окуп жаткан. Бул борборду 2-топтогу майып, 52 жаштагы Бибикалон Хожаева ачып, маркум кызынын кыялын орундаткан. Бирок уурулар бул борборду тоноп кеткенден кийин Бибикалонго эч ким жардам берген эмес.

Башында Бибикалон үйүндөгү жалгыз кийим тиккен машинасын алып келип иш баштаган. Кийинчерээк аны Аялдар иштери боюнча комитет колдоого алып, президенттик грант бөлүп берген. Бул акчага ал 10 кийим тигүүчү машина жана керектүү жабдууларды сатып алган. Бир жыл бою ал мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндерди окутуп, өз алдынча каражат табууга үйрөтүп келген.

Учурда окуу борбору иштебей турат.

В Душанбе злоумышленники ограбили швейный цех для женщин с инвалидностью
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

XS
SM
MD
LG