Ссылки доступа

Жумаев: 7-каналдын мүлкү Атамбаевге тиешеси жок


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү деп сөз болгон мүлктүн арасында кошо камакка алынган 7-каналдын жетекчиси Алтынбек Жумаев телеканалдын ишин кайра жандандырууга аракет кылып жатканын маалымдады.

Ал чет мамлекеттен эми келип, канал эмненин негизинде камакка алынганын изилдеп жатат. Жумаев каналдын мүлктөрүнүн камакка алынышын лицензияга байланыштырды:

- 16-августта келип, каналды жаап кетишкен. Азыр эфирге чыккан жокпуз. Эфирге көрсөтүүгө болгон лицензия «Форумга» жана Атамбаевге тиешелүү. Ал эми мүлк Атамбаевге тиешеси жок. Азыр жаңы келдим. Эмненин негизинде камакка алынганын окуп чыгып, так айта алам.

27-августта Башкы прокуратура Атамбаевдин ишиндеги 20 мүлк объектилери камактан чыгарылганын билдирген. Башкы прокуратуранын тараткан маалыматына ылайык, Аскер прокуратурасынын мыйзамсыз баюу фактысынын сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында камакка коюлган Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн текшериш үчүн 17-августа Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Башкы көзөмөл органынын изилдөөсүнөн кийин камакка коюлган мүлктүн арасынан 20сынан камак чарасы алынды. Алардын ичинде «Жал» кичи районундагы №77 турак үйдөгү 18 батир жана «Телерадио уюмдарынын ассоциациясы» уюму бар. Башкы прокуратура учурда Атамбаевге жана анын жакындарына таандык мүлктү текшерүүнү улантып жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлган.

XS
SM
MD
LG