Ссылки доступа

Өзбекстанда 31 жаштагы келин өзүнө өрт коюп каза болду


Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Чиракчин районунун 31 жаштагы тургуну өзүнө өрт коюп, каза болду.

Күбөлөрдүн айтымында, келин 26-август күнү кечинде үч баласын сыртка чыгарып, үйдүн ичинде өзүнө бензин чачып өрт койгон. Анын денесинин 90 пайызы күйүп калгандыктан, эртеси ооруканада каза болду.

«Ошол учурда мал айдап келаткан кошуналардын бири үйдүн ичинен түтүн чыгып жатканын байкап, ичине кирген. Ал келиндин күйүп жатканын көрүп, дароо төшөк ороп өчүргөн», — деди күбөлөрдүн бири.

Анын айтымында, айылда кудук же көлмө жок болгондуктан, жашоочулар өрттү өз алдынча өчүрө алышкан эмес, үй толугу менен күйүп кеткен.

Чиракчин райондук прокуратурасы тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, каза болгон келин үйүндө нан жаап, базарга алып барып сатчу. Күйөөсү түрдүү жумуштарда жалданып иштейт. Өрт чыккан маалда ал жумушта болгон.

XS
SM
MD
LG