Ссылки доступа

Анжиян: президенттин сапарында жергиликтүү бийликке алданган аялдар жаңы батир алышты


Анжиянда президенттин сапары алдында үй берилип, кийин андан кайра чыгарылган аялдар жаңы батирлерге көчүп киришти. Бул тууралуу жергиликтүү «Калампир» басылмасы Анжиян облустук аялдар комитетинин төрайымы Мохинур Касымовага шилтеме кылып билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Анжияндын тургундары Хуршида Тилляева, Муяссар Рахимова, Дильфуза Тешабаева, Шохиста Бакирова, Мехриноз Абдувалиева жана Хайринисо Эрматова убадаланган жаңы батирлерге көчүп киришти.

Быйыл май айында өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин Анжиянга сапарын чагылдырган мамлекеттик телеканал аймактагы аз камсыз болгон алты үй-бүлөгө жергиликтүү бийлик тарабынан жаңы үйлөр берилип, алар сүйүнүп жатышканын көрсөткөн. Бирок мамлекет башчы кеткенден кийин тургундар ал үйлөрдөн кайрадан чыгарылган.

Окуя коомчулукка белгилүү болгондон кийин Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов бул президенттин сапары үчүн уюштурулган «көз боёмочулук» болгонун жана үй алды делген тургундар алданып калганын мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG