Ссылки доступа

Өзбекстанда эл аралык издөөдөгү адамдардын паспортунун мөөнөтү убактылуу токтотулат


Өзбекстанда паспортун колдонуу менен өлкөдөн чыгып кетүү же башка өлкөлөрдө жүрүү ыктымалдыгы бар айыпталуучулардын паспортторунун жарактуу мөөнөтү убактылуу токтотулат. Тиешелүү өзгөртүүлөр өлкөнүн Кылмыш-процессуалдык кодексине киргизилди.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги билдиргендей, мындай чара айыпталуучунун тергөө менен соттон качуусуна жана кылмыштуу ишмердүүлүгүн улантышына жол бербөө, ошондой эле сот өкүмүнүн аткарылыгын камсыз кылуу максатында көрүлөт.

Паспорттордун мөөнөтүн токтотуу нормасы мамлекеттер аралык же эл аралык издөөгө алынган айыпталуучуларга гана тиешелүү болот.

Ошол эле маалда паспортунун мөөнөтү токтотулган адам Өзбекстандын жараны бойдон кала берет.

XS
SM
MD
LG