Ссылки доступа

Казакстандагы өрттөн 700дөн ашык дача өрттөндү


Темиртау шаарынын дача аймагындагы өрттүн чыгымдары аныктала элек. Өрттөнгөн үйлөрдүн ээлерине жана жаракат алгандарга кенемте төлөнүп берилер-берилбеси белгисиз.

29-августта Темиртау шаарынан алыс эмес дачалар жайгашкан аймакта өрт чыккан. Катуу шамаал болуп, айланага түтүн жайылып, өрт өчүрүүчүлөрдүн жумушу кыйындаган. Өрт ошол күнү түнү өчүрүлгөн.

700дөн ашык ээн калган дача жана киши жашап жаткан 20дай үй өрттөнгөн. Кырсыктан эки улгайган аял жабыр тарткан. Учурда алар дарыланууда. Бети менен колу күйгөн 83 жаштагы аял ооруканага жатуудан баш тарткан.

Өзгөчө кырдаалдар департаменти билдиргендей, негизги күч станциядагы турак жайларды, объектилерди жана темир жолдорду, электр станцияларын коргоого жумшалган.

Өрттүн себеби аныкталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча аймакта ширетүү жумуштары жүрүп жаткан.

XS
SM
MD
LG