Буга чейин эки аткаминер тең өзбек лидеринин кескин сынына кабылган. Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев элдин нааразылыгын жараткан эски курулуштарды жапырт түртүрүү жараяны үчүн Мирзиёевден уруш жеген. Президент аны саткынчылыкка айыптаган. Мындан улам аким жашоочулардан кечирим суроого аргасыз болгон.
Анжиян облусунун акими Шухрат Абдурахманов болсо облустук билим берүү башкармалыгынын башчысын “айбан, импотент” деп тилдегени үчүн Мирзиёвден жеме уккан.
1-сентябрда Өзбекстанда Эгемендиктин 28 жылдыгы белгиленди.