Ссылки доступа

Кытай Тажикстанга мунайды кайра иштетүүчү завод курду


Кытай улуттук мунайгаз корпорациясына (СNPC) таандык компания Тажикстандагы мунайды кайра иштетүүчү ири заводдун курулушун аяктады. Завод жылына 300дөн 500 000 тоннага чейинки мунайды кайра иштетүүгө кудуреттүү.

Мунайды кайра иштетүүчү завод тажик-кытай биргелешкен “TK-Oil” компаниясы тарабынан ”Дангара” эркин экономикалык аймагында курулду.

”Дангара” эркин экономикалык аймагынын директору Илхомиддин Муминов билдиргендей, учурда компания Казакстандан мунай ташып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Дангарадагы мунайды кайра иштетүүчү завод 2016-жылы эле ишке берилиши керек болчу. Бирок 12 миллион доллар өлкөдөгү көйгөйлүү деп эсептелген банктардын биринде кармалып калгандыктан курулуш кечеңдеген.

Тажикстан мунайдын негизги бөлүгүн Орусиядан алат.

2018-жылы Тажикстан 310,8 млн. долларга 446 000 тонна мунай импорттогон.

XS
SM
MD
LG