Ссылки доступа

АКШда «Дориан» бороонунан улам миллиондон ашык адам эвакуацияланып жатат


«Дориан» бороонунун спутниктен көрүнүшү
«Дориан» бороонунун спутниктен көрүнүшү

«Дориан» бороону жакындап калганына байланыштуу АКШнын Флорида, Түштүк Каролина жана Жоржия штаттарындагы калктуу конуштардан миллиондон ашык адам убактылуу коопсуз жайларга көчүрүлө баштады.

Өткөн түнү бороон Багам аралдарына жетип, жети жаштагы бала каза болгону жана бир нече адам дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Куткаруучулардын айтымында, арал шамалдан катуу жабыркаган. Акыркы маалыматтар боюнча бороон Флоридага жакындап калды. Штаттын губернатору табият кырсыгына каршы күрөшүү үчүн Улуттук гвардиянын эки жарым миң аскери тартылганын жарыялады.

Учурда «Дориандын» ылдамдыгы саатына 200 чакырымга жетүүдө. Кызыл Чырым уюму жана Кызыл Жарым Ай коомунун маалыматына караганда, 13 миңден ашык үй талкаланып же жарым-жартылай бузулду. Өлкөнүн Флорида, Жоржия, Түштүк жана Түндүк Каролина штаттарында өзгөчө абал жарыяланды.

Өткөн жумада АКШнын президенти Дональд Трамп бороондун жакындап калганына байланыштуу Польшага пландалган сапарын токтоткон. Анын ордуна Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 80 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага катышуу үчүн вице-президент Майк Пенс кеткен.

XS
SM
MD
LG